Za darmo

Бабалардын баяны 2

Tekst
Oznacz jako przeczytane
Czcionka:Mniejsze АаWiększe Aa

Жабыгып жалгыз өтөмбү.

Денемен кайрат бөлүндү,

Күүдөн тайган чагымда,

Кара чачым, ак чалып,

Кара башым калжайып»,

Ушундай сөздү какшанып,

Көзүнөн буурчак жаш тамып.

Боз үйүнүн түбүндө,

Беккулу ата боздоду,

«Алтыным кайда»-деп,

Алган жарын жоктоду.

Ак таякты таянып,

Алы кетип шалдайып.

Майназар, Муса, Бекназар,

«Жеңелеп» ыйлап жатышты.

Көзүнөн жаш тегерене,

Көргөн жандар жашышты.

Шоңко ата шоңшоюуп,

Эмчек эмбей жетим өстү.

Эчкинин сүтү эрмендүү,

Эчкинин сүтүн ээмп өстү.

Убайга батып түйшөлүп,

Улак менен тең өстү.

Бала болсо чоңойду,

Жыгылып өсүп, жол улай.

Үч балага дем берип,

Майназар багып кор кылбай.

Уулдар болсо торолду,

Урумга жайып атагын.

Майназардай тиреги бар,

Беккулу деген атанын.

Бир жаш гана айырмасы,

Тең чамалаш өсүшкөн.

Үч айрылыш жол жатат.

Үч жолочу жөнөшкөн,

Үч баласын карыя,

Үч бөлтүрүк атады.

Бөлтүрүктөр бой керип,

Бөлүнбөй өсө баштады.

Узун жолдо көрүнүп,

Үч чабандес чаап келет.

Үйөр жерде жол кетет,

Асман жакты карасаң,

Үч шумкар учат сабалап.

Алар кетип баратат,

Айдыңды, тоону аралап.

Үйөр жолдо тез келет,

Үч чабандес чаап келет.

Үч чабандес Бек атанын,

Баянда калган балдары.

Ырга сала баштады,

Санжырачы аларды.

Айдыңдуу жалын чыгарып,

Үч от күйөт жалындап.

Баян айткан баянчым,

Баарысын тең ыр кылмак.

Үч от күйөт жалындап,

Ала Тоонун боорунан

Санжырв айткан адамдын,

Ыр төгүлсүн оозуңан.

***

Жоромолун улам келаткан

Жомок ылдам тез айтылат,

Адамдар жашоо менен алышып

Алыс жолго сапарга аттанат.

Туу учугун уламадан чубаган,

Турмушубуз акырындап жай жылат,

Анда эмесе кагылайын туугандар,

Азыр эми башкача баян башталат.

Эми болсо туугандар,

Каабындан кабар баштайлы.

Андан кабар таштайлы,

Арман алат катүгүн,

Аны унутуп калбайлы.

Ошол кезде Каабындын,

Оңуту келе баштады.

Үч баланы өлтүрүп,

Жоготуп же тынабы.

Жолдошу тоодой атага,

Армандуу иш кылабы.

Анан өзү болсо көрүнбөй,

Кара тоону аркалап,

Кара башты калкалап,

Калмакка карай качабы.

Байкатпай туруп катүгүн,

Балакетти баштайбы.

Башын айра муштайбы,

Каабын кара түгөткүр,

Каабалаңды салбайбы.

Каадалуу ата тынчтанбай,

Каабындын ойлоп жоругун,

Кеп сөз кылат жакынына,

Келечеги эмне болоорун.

Бир күнү Беккулу ата,

Майназарды чакырды.

Отургузуп жанына,

Кымыз, эт коюп алдына,

Анан мындай кеп салды,

Кеп салганда деп салды:

– Жабыккан ойду жашырбайм,

Жатындашым Майназар.

Сырдашыман аянбай,

Сырымы айтам кайталай.

Козголгон ойду жашырып,

Коркунучка кала албайм.

Көгөргөн калмак бу Каабын

Көрсөткөн турат кордукту.

Жан башы кара казандай,

Жасаган турат зордукту.

Жатындашым Майназар,

Ажырасам балдардан,

Алдырып ийип таалайды,

Азапка батып чырмалам.

Үйрүлүп келип чоңойткон,

Үч бөлтүрүгүм бар эле,

Жараткан мага берди эле,

Жаалы күчтүү бу калмак,

Үчөөнү тең жалмайбы.

Капага мени салбайбы,

Качып кетип бу калмак,

Кайра келип бир күнү,

Какшасам да болбостур,

Өзөгүнөн өрт жанып,

Өлтүрүп салаар өзүмдү.

Чунак калмак каарданып,

Чукуп коёр көзүмдү.

Кара баштан айрылсам,

Калдайган чоң калмактан,

Кантип алам өчүмдү.

Ооз тийип кымыздан,

Ойлоно бир аз тынымдан.

Майназар баба кеп айтты,

Кеп айтканда деп айтты:

– Колоктогон бу калмак,

Көрсөткөн турат азапты,

Тажаалданган калмактын,

Тазалап көзүн салсакпы.

Кан ичеер калмактын,

Каңдап башка чапсакпы.

Тымызын такыр билдирбей,

Тындым кылып салсакпы.

Калмак бизди көрө албайт,

Карарган дити агарбайт.

Ашыңды ичип жүрсө да,

Акыры кетет кайрылбайт.

Чамынган ал каапырдын,

Чамасын биз байкайлы.

«Малды сатып келгиниң,

Түштүк жакка жумшайлы.

Алыстатып каапырды,

Амалын мындай табалы.

Такыр дитин бербесе,

Тазалап көзүн салалы,

Аны мындай кылалы,

Билдирбей туруп тымызын,

Биз да издейбиз амалды.

Эл-журт билип калбасын,

Элең ушак айтпасын.

Керең сөздөн сактасын,

Кемпир ушак чыкпасын.

Зордукчул шүмшүк шайтан,

Өз кулун өзү жеди,-деп,

Башкага кеп таралат.

Айылдын аяк-быягын,

Айың ушак аралайт.

Майназар ата жол алып,

Кетти келген жагына.

Кетеерде мындай кеп айтты:

– Бек туралы убадага,

Ооздон сөдү чыгарбай,

Убада деген убада.

Жайлоолорго эл конгон

Кой семирип нык болгон.

Өйдө-төмөн чубашып,

Өрүштөргө мал толгон.

Эртеси туруп таңында,

Беккулу келип Каабынга,

Мындай деген кеп айтты:

– Анжиянга көп малды,

Айлашкының,-деп айтты.

Жалаңдаган жигиттерди,

Жолжош кылып шайлады.

Койду сатып, жибек, шайы,

Алып келгин,-деп айтты.

Кара ат минип даңкайып,

Кара жолдо шаңкайып,

Каабын калмак аттанды,

Жанында жаш жигиттер,

Арытып улам сапарды,

Айдап барат сан малды.

Камынышып жигиттер,

Кара тоону ашышты.

Калың малды айдашып,

Калбай жолдо шашышты.

Каабындын оюу бузулуп,

Өзүнчө эле чамынды.

Шайтаны кайнап бузулуп,

Шамыраңдап алкынды.

Тажаал кул эки адамды,

Таяк менен чаап салды.

Кордукту катуу баштады.

Аянычтуу байкуштар,

Аябай тартты жабырды.

Баардык жигит бир болуп,

Калмакка текши асылды.

Бирөө атып салайын,

Ала чуркайт бараңды.

Кара атын камчылап,

Ат үстүндө баркылдап,

Каабын жолго аттанды.

– Беккулу чалдын өзүнө,

Көрсөтөм,-деп кызыкты.

Чийинден ары чыгарбай,

Чийемин,– дейт сызыкты.

Айдап малды бараткандар,

Алыскы жолго шашкандар,

Беккулу көзөл атагы,

Чабаганды чаптырды,

–Каабын калмак качты,-деп,

Кабарды жаңы айттырды.

Каабындын келе жатканы,

Майназар эрге угулду.

Олбурлуулар биригип,

Он бештейи чогулду.

Ат үстүндө аркайтып,

Ак бараңды асынды.

Абал жаман экенин,

Каабын дагы байкады.

Каабын калмак чамынат,

Мындайча кеп салат:

– Кара жан аман турганда,

Кайрылып келип артыма

Көрсөтөм,-дейт кордукту

Бобул турган кыргызга.

Калмакка карай аттанды,

Кара тоого бет алды.

Кыргыздар билет калмактын,

Кайрылып кайра келеерин.

Билгизбей туруп акырын,

Бир жаман иш иштеерин.

Ал калмактын артынан

Жигиттер түштү куугунга.

Майназар менен Жолчоро,

Он жигит барат куугунда.

Ат үстүндө кармашкан.

Каабын да оңой эр эмес

Алыска алып ыргытат,

Анча-мынча тең эмес.

Камандай чалып жандарды,

Карыштырган далайды.

Буркан бойлоп баратты,

Алдындагы кара атты,

Ээ-жаа бербей алкынтты.

Бай калмак жерди басканда,

Калчадан ары ашканда,

Жаман Эчки жеринде,

Жорулар учат каркылдап,

Жон-жондордо арылап,

Сырттын жери созулган,

Сырдана жер үн берип,

Жылдыздуу жылга күү чертип,

Жыбытга-жыбыт кошулган.

Майназар эр кеп салды,

Кеп салганда деп салды:

– Бу калмак неге короктойт,

Жанына жакын жолотпойт.

Качырып ийсек калмакты,

Элине барып күч топтойт.

Кайрылып келип артына,

Кайра бизди боздотот.

Онубуз эмес жүздөйдү,

Бу калмак өзү бүктөйбү.

Камандай чалып салат го,

Каарданган бу дардаң.

Кабалаңды баштайт го.

Мээелегенди койбогон,

Мерген элең Жолчоро.

Кырк Чилтен өзү колдосо,

Камынып ат Жолчоро.

Ат үстүндө калмакты,

Аңтара ат Жолчоро.

Майназар менен Жолчоро,

Кечип өтүп Ак Сайды.

Жарчага сөзсүз келет,-деп

Жашынып күтүү Каабынды.

Ошол кезде Каабындын,

Карааны көзгө көрүндү.

Шар сууну кечип өткөнгө,

Шашкан сымал өңдөндү.

Жолчоро ташка жашынды,

Асынып турган бараңга.

Арбын-арбын ок шыкады,

Мылтыкты мээлей баштады.

«Жигиттин пири Кырк Чилтен,

Жигер менен колдо»,– деп,

Басып калды машааны

Жер жарылып дүңк этти,

Тоолор көчүп, үн кетти.

Каабын деген калмакка,

Ажалы экен ок жетти.

Кара аттын үстүнөн,

Калдалаңдап жыгылды.

Такыр таппай айланы,

Кара көзү алайды.

Сулап жерге кулады,

Жеткен экен ажалы.

Кыргызга каны берилсе

Ата аны сыйламак.

Баардык кезде кор кылбай

Баласындай багып алмак.

Ушуну менен туугандар,

Канчага салган жоболоң.

Каабын калмак жок болгон.

Менин айтаар баяным,

Санжыра ишин түгөлдөйт.

Акыры жүрүп отуруп,

Аян куруп кеп салгам

Кеп салганда деп салгам.

Аңгеме өзү түгөнөт,

Ушуну менен сөз бүтөт.

БАЯСТАН АТА БАЯНЫ

Жомок ылдым айтылат

Адамдар алыс жолго аттанат .

А турмуш акырындап жай жылат,

Анда эмесе кагылайын туугандар!

Азыр эми башкача баян башталат.

Калдайган тоонун жанында,

Кара жолдун башында.

Кара көйнөк эли бар,

Канчадан аты аталган,

Аты эмес заты жашаган.

Кайсы элге даңкы кеткенин,

Ошону айтып берейин.

Ошол тоодой баянга,

Оодарылып келейин.

Айдыңдуу жерим чалкыса,

Ата-тегим макталса,

 

Атагы чыгыа даңталса,

«Ырыстуу жер экен» деп,

Ыры чыгып ырдалса,

Ага деле не дейин,

Кепке кезек берейин,

Бүтөбйдын Баястан,

Өтүп кеткен тарыхтан,

Качанкыдан кеп айтканга,

Камынып тургам баятан.

Эң биринчи энеден

Көлөй, Кулет улан бар,

Алыбек менен Язбек,

Түмөнбай, Сейит, Медет бар,

Айта берсек арбын кеп.

Баян айттым булардан,

Башталмасы арбын кеп.

Анан дагы төрт кызы,

Асманда күйгөн жылдызы.

Баястан ата бир күнү

Уктап жатып түш көрдү

Түшүндө мүшкүл иш көрдү,

Түшөлтө турган иш өңдүү.

Колунда турган куш экен

Кушту салды өрдөккө,

Өрдөк болсо карарган,

Кара өгүзгө айланды,

Кара өгүз ак кушту,

Каарданып жалмады.

Асманга канат сермеген,

Ак куштан кабар калбады.

Айдыңдуу биздин атабыз,

Ак кушун таба албады.

Чамасы кетип жатыптыр,

Кушун кайра чакырат,

«Келе гой»-деп кыйкуулайт.

Азыр эле талпынган,

Ааламга шаңы агылган,

Аппак куштан дарек жок,

Канаттууну качырган,

Каарданып тырмак батырган

Каардуу куштан кабар жок.

Кагылайын дүйнө шок.

Баястан ата уйкусунан,

Чочуп кетип ойгонду.

«Түшкө эмнелер кирбейт»-деп,

Түйшүк тартып толгонду.

Кесени алып колуна,

Ырым кылып суу чачты.

«Караңгы түндө өлүм качсын»

Каалап жатты бакытты.

Ошондон эле көп өтпөй,

Ооруп калды кемпири,

Тамырчыны чакырды,

Кара мурут тамырчы,

Кармап жатты тамырды.

Оору атын таппады,

Тапса дагы айтпады.

Молосу бар кыядагы,

Молдону да чакырды.

Онтоп жаткан пенденин,

Оору атын таппады.

« Айыгасың ссуу ичкин».

Ал кургур да жаңылды.

Каардуу оорудан энеке,

Каза болду бир күнү.

«Балдарды кантип багамын»,

Байымга ата чөмүлдү.

Ата кургур не кылат,

А да көрдү тагдырды.

Азаптанып кыйналып,

Асырап жатты балдарды.

Суук түштү, аяз кычырап,

Ошол жылы жут болду.

Агын суулар агылган,

Алы кетип бүт тоңду.

Айлананы кар басты,

Ачылбай күн ыраңы,

Агала кар көпкө жатты.

Ак кар басып кырларды,

Үйүп салды азапты.

Малдар болсо ачкадан

Бир-бирден өлүп таап.

Жандыктын баары кырылды,

Тирүүдөн туяк калбады.

Анан барып араң гана

Акырындап жаз кылтайды.

Кылтайганда эмнине,

«Кош»-деп айдап чыгырган,

Короодо кой калбаса,

Адамдын баары ачкадан,

Азап тартып карайган.

Жыгачтан уук жасаган

Жыгач уста аталган.

Жыгачтарды жыгачка,

Жылмалап келип аштаган.

Байма-бай шашпастан,

Баш аягын кынаган,

Көлдөй болуп толкуган,

Көлөй ата уста эле,

Жыгачка жан киргизген,

Тынбай кечке иштеген.

Тыным албай иш менен

Боюу узун колдогой,

Денеси бүт тарамыш.

Маани бербей кеп сөзгө

Күлүп коёт жылмайып.

Бабы келип калганда,

Манас айтып бакылдайт.

Бүткүл элдер чогулуп,

Өзүнчө эле салтанат.

А комузду так кайрат,

Бүт күүлөрдү черте алат.

Той аш болуп калганда,

Эрмекке аны алпарат.

Айың ушак сөздөргө

Анча маани бербеген.

Жаштарга үлгү болуп,

Жан-дүйнөсү эң кенен

Сөзгө сараң, ойго бай,

Күлдүргүч жагы бир далай.

Ата-баба тарыхын,

Алыскынын баянын,

Такыр унут калтырбай,

Арыбаган кеп кылып,

Айтаар эле баяндайай.

Боюу бийик Медеттин,

Эр эңишке түшчү эле.

Алышкан адам тең келбейт,

Аттан алып түшчү эле.

Далай жолу эр эңишке,

Түшүп жүргөн эр эле.

Мындай баатыр жок болчу,

Жаралган адам пендеде.

Кулет менен Түмөнбай,

Санжыраны көп айткан.

Сабалатып токтобой,

Жорго сөздүн чечени,

Чебер сүйлөп кептерди.

Алардын айткан сөзүнө

Ашык болгон нечени.

Санжыра менен жомоку,

Сабалатып так айткан.

Көксөөсү канып укканда,

Көп адамды таңкалткан.

Сейит ата куш таптайт,

Аңчылыкка эң жакын.

Ак бараң мылтык асынат,

Аркар, кийик, кулжа атат.

Илбесинди кармаган,

Ит агытып, куш салган,

Көл эмес аркы Нарындын,

Бүт аймагын аралаган.

Карышкыр менен илбирсти,

Канчасын ал кармаган.

Колу ачык берешен,

Кожожаш мерген атанган.

Балдарынын ичинен,

Язбек ата тың чыкты.

Башкасынан өткүр болуп,

Батыл сүйлөп чындыкты.

Ага бирөө сөз кайырбайт,

Айбатынан жалтанат.

Далай ишти өзү чечип,

Дайым баарын башкарат.

Бажы-бажы бат айтат,

Кыябына жакпаса,

Кыйкырып чатак чыгарат.

Баястандын жети уулу,

Ар өнөргө умтулду.

Ынтымактуу ар маалда,

Бир-бирине баш ийип,

Биригип жүрчү дайыма.

Бейпай бирөө тийишсе,

Берип койчу катыгын.

Бирди бирөө тийшпеген,

Биримдигине алардын

Ар дайыма көкөлөгөн,

Аброюу ыйык атанын.

Энесинен айрылып,

Жашын төгүп кайгырып,

Жети бала жетим калды,

Жетип жатты балдарга,

Жетимдиктин залалы.

Эмне кылат Атаке,

«Балдарымы багам»-деп,

Ары-бери чапкылайт,

Балдар болсо бой тартат.

Жашоо үчүн бардыгы,

Жанды үрөп тырышат.

Жетөө эркек, үчөө кыз,

Жетим калды ээрчишип.

Ата аларды жетелейт,

Балапандай телчитип.

Кичи эне ал оорулуу,

Кечке чейин иш менен

Башы айлаып, көңүл чөгөт,

Ар дайыма иштеген.

Ал кезекте турмуш оор,

Көрө албаган душман көп,

Каршы чыгып арадан.

Жашоо деген түйшүктүү,

Жокчулук кез аралаган.

«Уулдарымы багам»-деп,

Баястан ата чарчады.

Жашоо үчүн жетиштүү,

Бар эле бирок чарбагы.

Аралап жүрүп ой-тоону,

Аппак кийим кир болду,

Тайгалантып жөн койбой,

Тагдырдын жолу ошондой.

Жууп береер киши жок,

Көйнөктөрү кирдеди.

«Үй-бүлөөнү багайын»,

Арып кетти иреңи.

Оор жуттан аман калган,

Айдыңы ыйык атанын.

Жакшылыкка асыраган

Эки бээси бар эле,

Сары бээ менен Кула бээ.

Аны уулдары саачы эле.

Көнөктөгү саамалын

Сабага куйуп кымызын.

Балдарына тамак-аш,

Бээ кымызы дары да,

Кыргыз ансыз жашабас.

Күндөрдүн бир күнүндө,

Түндөрдүн бир түнүндө.

Сары бээ менен Кула бээ,

Сай жээгинен көрүнбөйт.

Жылып аккан суу ичип,

Жылга менен өрдөбөйт.

Бээлерим эмне болду?-деп,

Язбек ата из кууду.

Из кууп отурса,

Аңдоо салып байкаса,

Саяктардан Сакыбай дегени

Ошол уурдап алыптыр,

Аңдып келген из кубар,

Аны да байкап алыптыр.

Акыры жогун таап алды,

Язбек ата токтоно албай,

Сай менен капталдай,

Саякка жетти салпылдап,

Этек, жеңи далпылдап,

Язбек ата Сакыбайга:

– Эки бээми бер,-деди

Багайын,-дейт, жандарды

Жетим калган балдарды.

Саяк анда кеп айтты.

Кеп айтканда,-деп айтты:

– Менин да малым жоголду,

Болгон экен силер колдуу,

Эки бээңи билбеймин,

Көрбөгөн соң не деймин

Язбек менен Алыбек,

Каары келди Саякка.

Күн уйкуга батканда,

Ай жылдыздар асманга,

Акырындап чыкканда,

Саяктын бээсин байлап алды,

Ага кошуп бир өгүзүн,

Түн ичинде союп салды.

Жапа тарткан жетимдер,

Жаш шорпого марыды.

Эч дарегин билгизбей,

Этти бекем жашырды.

Кара атын камчылап,

Саяк келди салпылдап,

Эртелеп издеп бээлерин,

Баястандын үйүнө,

Барып калды бакылдап.

Куугунчу айтты из шегин:

– Кагылайын уландар,

Бугу энеден туулгандар!

Из келиптир үйүңөргө,

Бээми ылдам көрсөткүлө,

Уландар анда кеп салды,

Кепти туюук баштады:

– Жоголгон малды билбейбиз,

Билбей туруп не дейбиз.

Сары бээ менен Кула бээни,

Сандалтпай ылдам, -бер деди.

Уурусуң да ашынган,

Ушунчаңда кет!-деди.

Алыбек менен Язбектин,

Жини келди каарданып,

Өздөрүн бирок карманып.

Язбек ата кеп айтты,

Барк, барк, этип бек айтты:

– Бээңи кайдан билебиз,

Аркы жактан издегин.

Билбеген соң не дейбиз.

Язбек ата каарданып,

Барк, барк, этип бек айтып,

Сөз менен кагып саякты,

Анысы да эп болду,

Шамыраңдаган саякты,

Шаңшаңдаткан окшоду.

Саяк болсо жинденет,

Үзөнгүнү теминет.

Кашка атын камчылап,

Кара жолдо желдирет.

Бир эмес үч эсе,

Тартасың эми айбыңды.

Көрсөткөнгө кордукту,

Бийге барып кайрылды.

Бий болсо Баястанга,

Чабаганды чаптырды.

– Карайын,-деп бул ишти,

Кабарчыдан айттырды.

Баястан ата сабылып,

Тагдырына таарынып,

Келип бийдин алдына,

Башын ийип бүгүлдү,

Жерди карап жүгүндү.

Улук бийдин алдында,

Мындай деген кеп айтты:

– Кемпирим өлүп калдыбы,

Өз башыма үйүп арманды

Кийимдерим жуулбай,

Топ балдарды бага албай,

Менин жайым ушундай.

Айланайын кудай ай!

Айлам кетти аял жок,

Аппак койнок карарды.

Кантип багам балдарды,

Таппай турам айламды.

Кычышкан жаагын тырманып,

Бий айтты анда кыңылдап:

– Жакшы баккын,-дей салды,

Энеси жок балдарды.

Алардын жетим калышы,

Айтып бүткүс арманбы.

Үстүңдө кийген көйнөгүң,

Болгон экен кап-кара.

Аялы жок эркектин,

Армандуу жагы ушул да.

Анан да бий жылмайды,

Сөз сүйлөп жатканда,

Маңдайкы тиши кашкайды.

– Кийген киймиң кап-кара,

«Кара көйнөк» аталгын.

Элеттик элде унутпас,

Эң бирсонун наам алгын.

Сөөлөттүлөр отурган,

Ошол бийдин жанында.

Бийди коштоп ырсая,

Баары күлөт жылмая.

«Кара көйнөк» деген сөз,

Дал ошондон калган да.

Чындыгында бул баян,

Белгилүү экен жалпыга.

Такыр эле унутулбас,

Өзүнчө ыйык санжыра.

Ошондон бери айтылат,

«Кара көйнөк» деген сөз.

«Кара көйнөк» деген сөзгө,

Куйма кулак болгонбуз.

Кудуңдап күлүп коёбуз.

Каада күткөн адамча,

Калдаң этип ормоёбуз

Кулагыбыз бышкан да,

Бүтөбай эмес жеке эле,

Курумшу, шоңко баарысы,

«Кара көйнөк» аталган.

Алар эмес а түгүл,

Саруу кыпчак туугандар,

Тууган болуп кол сунду,

Качмак белек алардан,

«Кара көйнөк» болуп катталган,

Жылмая күлүп шаттанган.

Ошондон бери келатат,

«Кара көйнөк» деген сөз.

Атадан өтүп балага,

Айтылып келген айдың сөз.

Таалайлу журттун баарына,

Тарап кеткен ошол сөз.

«Кара көйнөк» дегенди,

Башка элдер айтышса,

Биз терикпей калганбыз.

«Кара көйнөк» деген ат,

Энчилүү биздин атыбыз.

Бай дүнөсү айдыңдуу,

Баястан деген атабыз.

Байркыдан кеп козгоп,

Баянын куруп жатабыз.

«Кара көйнөк»-деп чакырса,

«Ия»-деп жоопту айтабыз.

«Кара көйнөк» болуп аталган,

Жумурай журттан бата алган,

Аман болуп элибиз,

Айдыңдуу тоонун ичинде,

Өмүр сүрүп келебиз.

Ай, шум дүнө, шум дүйнө,

Жомоктору көп дүйнө.

Жоругу жолдо айтылган,

Жоболоңдуу бу дүйнө.

Бар дүйнө да жок дүйнө,

Шарактап алып токтобой,

Шамалы учкан бу дүйнө.

Чубалжытып үн созгон,

Кубанычы көп дүйнө.

Томпоңдоп жолдо келген,

Торпогум да эс алсын.

Торпоу минип жол келген,

Тоголок бала тынчтансын.

Тынч уйкуга көшүлүп,

Уктасынчы калайык.

Кана эмесе туугандар.

Баарыбыз эс алалык.

Эээ…ээй…

Оролмо Тоонун шумкары,

Обого чыкпай уктады.

Ошол элдин жомогу,

Ойдон кетпес болжолу.

Агыш тоонун шумкары,

Абалкы элдин жомогу.

Алыскыдан айтылган,

Андай жомок болорбу.

Кабат жери айтылбай,

Кайсы жери кем калды.

Айтып жаткан баянчым,

Арбынын айтпай салдыбы.

Эээ…ээй…

БАЯН АНДАН АРЫ УЛАНАТ

Жолдошум берген кашка тай,

Жорголугу башкача ай!

Жортуп улам алгалай,

Жолдо келет сапарлай.

Арпа Тектир, Ат Жайлоо,

Ата бабам өскөн жер.

Кара Каман, Чатыр Таш,

Калкылдап булут көчкөн жер.

Эээ…ээй…

Санжыраны биз айткан,

Улап кетчү балдар бар.

Кээ бир жерин көркөмдөп,

Неберелер айтышаар

Нечендеген кеп таштап,

Кээ бир жерин так сактап,

Уламадан кеп калаар.

Учкай жерин жандыраар.

Эээ…ээй…

Качанкы бир баянды,

Карыялар айтканды.

 

Чөбүрөлөр эстешеер,

Кыргыздын көчү көрүнүп,

Кыр-кырлардан жол кетеер.

Кылкылдаган бул көчтү

Кыбыралар сүрөшөөр.

Сан атадан келаткан,

Санжырага тамшанаар.

Кээ бир жерин унутсак,

Кемчилдигин кесе айтаар.

Эээ....ээй…

Жылып аккан санжыраны,

Жыбыралар ары улаар.

Кыйры кетип токотобой,

Кыргыздын көчү уланаар.

Тончондор, тепти, кеттилер,

Толгон баян улашаар.

Биз айтып кеткен баянды,

Билип алчу тукум бар.

Эээ…ээй…

Туура жолдон тайбастан

Тууганга калп айтпастан.

Жорголой бер жомогум,

Жороптоп сөздүн оролун.

Жолдо жүргөн жомокчунун,

Бүтпөдү такыр жомогу.

Бүгүн кечте эс алат,

Бүтчү күнү болорбу.

Узун-узун жомогум,

Уй издеген торпогум.

Аңдуу-дөңдүү жер келет,

Андан такыр коркпогун.

Алыскы сапар жолдосуң.

Бабыраган дастанчым,

Баштагын эми жомокту.

Жымыңдап көктөн көрүнүп,

Жылдыздар жанып оболку.

Өкүмдөнүп токтобой,

Өмүр деген бир келет.

Экинчи кайра кайрылгыс.

Бапырап келген бараңдуу,

Бабалардын көчкөн көчү,

Бай дүнөмдөн айрылгыс.

***

Бир кылым мурун Көңдөйүм

Билинбей ээн жатыптыр.

Караандуу болуп көркөмү,

Каркылдап учкан өрдөгү.

Сап-сап болуп бөлүнүп,

Сайынан чөбү көрүнүп.

Сайын камыш ээлеген

Саргарып жаткан кенен жер.

Жапайы жандык мекендеп,

Жашап жаткан элкиндеп.

***

Урчук-урчук жеринде,

Узун-узун чий болгон.

Кобулдардын арасына,

Коён, түлкү жойлогон.

Жылга-жыбыт арасын

Жылан жылып сойлогон.

Кому менен киргенде,

Койкойгон төөлөр жоголгон.

Асманынан каркылдап,

Алгыр бүркүт айланган.

Анда-мында куш салып,

Аңчылар өткөн кыраңдан.

Кенен жерим Көңдөйүм,

Кебелбей тынч жайкалган.

***

Ошол, ошол кездерде,

Кантон болгон Каракол.

Губернатор жай алган,

Баардык жерди башкарган.

Кадимки Тилекматтын баласы

Караколдон Чыныбай,

Каардуу катуу баштаган.

Беккулу ата уулдарын,

Бейжайлык менен айдаган.

«Эл көп болуп кетти,– деп,

Нарын жакка кеткин»– деп,

Туура эмес сөздү угуп,

Туугандардын башы маң,

Туш-туш жакка тараган.

Жердеп алаар жери жок,

Жее белсемдүү эли жок.

«Эми кайда барабыз,

Жаралган бала чаканы,

Кайда алпарып багабыз.

Кайсы жерди кыштайбыз,

Жайында жайлоо кылып,

Каяк жакты жайлайбыз.

Алтын күз нурун төгө албай,

Бир үйдө тынч отуруп,

Биригип сөз кура албай.

Бөлөкчө болуп айласы,

Бөлүндү болуп туш-тушка,

Бөгөлүп турду санаасы.

***

Баястандын алты уулу,

Ак Суунун чыккан элинен,

Чоң Жергести жердеген,

Каардуу өкүм алдында,

Ал жерден да тентиген.

Бай манабы ал жактын,

Башына токмок үйүргөн.

Кайгы каалгып төгүлгөн.

Алдыңкы күнү көрүнбөй,

Арманы учуп бөлүнгөн.

Тилекматтын баласы

Уезде туруп Чыныбай,

Кабалаңды салды эле.

Жан дүйнөсү жайылбас,

Жакырланган пас неме.

Кадамы анын арыбас.

***

«Ак Суу, Түп тарапка,

Мал-жан толуп кетти,-деп,

Калдайып улам көрүнүп,

Караан толуп кетти»,-деп,

Нарынга, Ак Талаага,

Алыскы Ат Башыга,

Беккулу уулун айдаган.

Каарды катуу баштаган,

Каарына тийип калганды,

Карсылдатып сабаган.

Шапак баатыр козголуп,

Чыныбайга жоо болуп,

Өзүнүн жерин жайлаган.

Өзгөдөн жабыр тартпаган.

Чыныбай чыкты каарданып,

Кайгы-муңду таратып,

Беккулу ата уулдарын,

Көрүнгөн жакка айдаган.

Чогула албай туугандар,

Чогусу менен тараган.

Баястандын алты уулу,

Бай өмүрү каңгыган.

Көчүп-конуп отуруп,

Жети өгүздүн Жыргалаң,

Жетип барып жай алган.

Бараар жери жок болуп,

Башка жакка жол алган.

Бек атанын уулдары,

Жети өгүздүн элинен,

Ак Талаага баратып,

Алла Таала буюруп,

Төрт Күлдүк бай адам,

Алматайга калды кабылып,

Элине кошуп алабы, -деп,

Эстүү акыл салабы,-деп,

Алты уул карайт жабылып,

Ал кезде ушул Көңдөйгө,

Айланып учуп куш конгон.

Абдраман деген Жер Үйлүк

Адамга таандык жер болгон.

Алматай эстүү пенде эле,

Беккулу ата тукумуна,

Бөлү берип кондурат.

Аргымак оозун чойдурат.

Аталардын арбагын,

Айдыңдуу жерге кондурат.

Болочоктуу бир дүйнө

Болбогонду болтурат.

Алматай баатыр бул жерден,

«Беккулунун тукуму,

Гүлдөп өсүп өнсүн,-деп,

Эли болсун жороолош,

Коюу болсун короолош.

Обого обологон,

Обону болсун обондош!

Кызы кетсин кырымга,

Уулу жетсин урумга!

Атак даңкы жайылып,

Аты калсын кылымга.

Учугун коё бербестен,

Улдары турсун намыска».

Айласы кеткен туугандарга,

Көңдөй жерин ыйгарган.

Алматай бабанын

Жаткан жери жай болсун!

Арбагы бизди колдосун!

Беккулунун тукумдары,

Бу дүйнөдө бар болуп,

Ак үмүтү шай болсун!

Арбытып басаар жолдорун,

Арбак өзү колдосун.

Жакшылык ачып кылымга,

Жараткан өзү жар болсун!

Манас ата Колдосун!

Башыбызды бириктирип,

Бакай баба бар болсун!

Балдары элди бийлесин,

Байлары жерди жердесин.

Өктөмдүү элес калтырып,

Өсүп өнсүн калайык!

Баястандын алты уулу,

Ар немеге шай уулу.

Бай атанын бир уулу

Баатыр эле Түмөнбай,

Адамды салган оң жолго,

Акылга дыйкан бир далай.

Отуздарда курагы,

Тоодой күчү ташкындап,

Толуп турган убагы.

Жаргалаңды жердеген,

Жылкылуу бугу эл менен

Баардык ишин шай кылып,

Жылкыларын жыйра айдап,

Кула ат минип көч баштап,

Кулжыгач коонун бер жагына,

Көчүп келип жай алат.

Анын арты жагынан,

Оргуп-оргуп чаң чыгат,

Тууларын желбиретип,

Туугандар көчүп келатат.

Көңдөй жерин эш тутуп,

Көөнөрбөс жерге умтулуп,

Ураалыдан: Шопок, Арт

Ушулар көчүп келатат.

Кара Колот жерине,

Конуп калды туугандар.

Конуш издеп чыккандар,

Турагы менен куттуктап,

Тосуп алды адамдар.

Оркойгон жерди карасам,

Оргуп-оругп чаң чыгат,

Кимдир бирөө бул жакка,

Көчүп конуп келатат.

Көчү болсун байсалдуу!

Эли болсун байымдуу,

Жигиттери шай болсун!

Кыздары болсун кылыктуу,

Келиндери бар болуп,

Турмушу өтүп кызыктуу

Боорлорун издеп келатат,

Бооромбай, Босток, Табылды.

Жакындары кучак жайып,

Жайыла тосту аларды.

Алыс жакты карасам,

Бор Дөбөнүн жанынан

Коңгуроолор шыңгырап,

Конуп-түнөп көч келет,

Коюн айдап эр келет.

Жылкыларын жыйра айдап,

Жылкычы келет шарактап,

Асман ачык, ай жарык,

Карач, Сыдык, Мамайлар,

Көңдөйгө келди айланып.

Бул жерге конду байыр алып.

«Биздин жер эми ушул»-деп,

Арбактарга бата айтып,

«А кудайлап жалынып,

Элге жакшы кеп айтып,

Элетте калды жалгашып.

Ураалынын кербени,

Урчук тоону айланат.

«Ушундай өттү турмуш»-деп,

Уламалуу кары сөз таштайт.

Бүтөбайдын кербени,

Бүдүрлүү тоого жакындайт.

«Бүттү, кетти өмүр» деп,

Бүлөлүү чал кеп баштайт.

Шоңколордун кербени,

Шоорат чачып баратат.

«Шоолдоп өттү турмуш»-деп,

Шоорук кары кеп таштайт.

Ак бозун улам теминип,

Ак сакалчан чал келет.

Азыркы Атыгай колот тарапка,

Акыры келип жайланып,

Ак үмүтү шайланып,

Конуп калган байыр алып.

Дагы, дагы, дагы күн өтүп,

Алда нечен түн өтүп,

Далай, далай жаан өтүп,

Дайынсыздар дагы өтүп,

Аргымакчан эр келет,

Алды жактан көч келет,

Шоңко атадан таралган,

Шоораты элди аралаган,

Балбак менен Сүйөрдөн,

Бапыраган көч келет.

Айман менен Адылдар,

Алыс жактан жол алып,

Конуш тапты байыр алып.

Булар менен ташкындап,

Бугу бүтпөс ыр келет.

Бу дүйнөгө эр келет.

Билинбей өткөн жашоонун,

Бир кайгысын жеп келет.

«Жаратканым сакта» деп,

Жашоонун камы уланат.

Калдайып жаткан кадырлуу,

Кара көйнөк эл турат.

Беккулунун уулдары,

Баардыгы тең келип бүттү.

Алп баатырлар берендер,

Алга сүрөп үмүттү.

Урматтуу ата бабалар!

Конушуңар жай болсун!

Байырлап мында жашаган,

Баарыңы кыдыр жылоолосун!!!

Кагылайын бабалар,

Карааны ыраак калгандар,

Уламадан кеп кетет,

Урпактар кайра эскерет.

Баястандын уулдары,

Чачылганды жыйнаган.

Үбөлөнүп түшөөрдө,

Үзүлгөндү улаган.

Буйрук экен дедиртпей,

Бузулганды кураган.

Умайымга салдырбай,

Уламаны улаган.

Учук жибин улам чубап,

Улуулардан сураган

Сан атадан келаткан,

Санжыраны сураган.

Беккулунун уулдарын,

Бириктирип баштарын.

Жылдырып бирге жыйнаган.

Түгөл журтту чогултуп,

Түмөнбай ата кураган.

Санжырачы санжырасын,

Саймедиреп так айтсын.

Көңдөй жерге чогулткан,

Бабаларга бата айтылсын.

Улуу, улуу, улуу тоо,

Ушунда өттү көп турмуш.

Кербендердин көчү өттү,

Кезинде ал бузулгус.

Уругуң ким, дайның ким?

Урааның ким, атың ким?

Жалындуу өмүр өтөгөн,

Жашоодогу даңкың ким?

Түбүбүз эми бек болсун,

Түктүү жер өзү колдосун!

Байыркылар бар болсун,

Бабалар өзү жар болсун!

Көөнөрбөс кылып жараткан

Көкө Теңир колдосун!

Берешен тагдыр жылоолоп,

Бек эл оңой журт эмес.

Көөнөрбөс тарых жараткан,

Көңдөй өңөй жер эмес.

Баястандын уулдары,

Беккулу уулун жыйнаган.

Чаалыгып чарчап келгенде,

Чачылганды кураган.

Ата баба арбагы,

Тукумдарын колдосун!

Бай арыстан арбагы,

Беккулунун урпагына,

Бекемиреек чеп болсун!!!

Узун жолдо көрүнүп,

Үч чабандес чаап келет.

Үйөр жерде тынбастан

Караандарын жакындайт,

Кара жолдо бат келет,

Үч чабандес чаап келет.

Үч чабандес Бек атанын,

Баянда калган балдары.

Аралап тоону, жылганы,

Алыска кеткен атагы.

Үч от күйөт жалындап,

Ала Тоонун боорунан,

Ырыстуу үч атама,

Ыр төгүлөт оозуман.

Түмөнбай ата келгенге,

Жүз элүү жылга барыптыр.

Жүргөнүбүз ушул көңдөйдө,

Бир кылымдан эчак ашытыр.

Бек атанын ыйык тукуму,

Беш энеси көйкөлгөн

Берекелүү Көңдөйдөн

Берешен бакыт алыптыр

Андагы биздин бабалар,

Эчак кайтыш болуптур

Дайны чыкпай жоголуп,

Далай убак оошуптур.

Санжыргалуу бабалар

Санжырага жазылып,

Ак баракка катталып,

Аты айтылып калыптыр.

Атыбыз кетип алыска,

Айлыбыз сонун болуптур.

«Байыркы эл болсун»-деп,

Бакай ата колдоптур.

«Аман-эсен жүрсүн»-деп,

Арбактар өзү коргоптур.

«Марыбас эл болсун»-деп,

Манас ата колдоптур.

Жүз элүү жыл болгондо,

Жүрөктү эзген той болот.

Жал куйругун түйүп салып,

Жарышка күлүк чабабыз.

Ээр белдей белеске,

Эр эңишти салабыз.

Байрыкдан жомок козгоп,

Баштагыны айтабыз.

Ата-баба тарыхынан,

Айдыңдуу кеп таштайбыз.

Ай айланып күн оогондо,

Асманга жылдыз толгондо,

Беккулунун ак кушу,

Берешен көктө оболойт.

Жылдыздар көктө жыбырап,

Жылдыздуу сонун кез болот.

Жаштар өсүп ошондо,

Жайнаган сонун чак болот.

Бабалардын арбагы,

Баарыбызды колдосун.

Жамактатып кеп айттым,

Жаратканым жар болсун!

Бек атанын тукуму,

Берешен болсун, бай болсун!

Эгерим кор болбосун,

Эли-жери бар болсун!

Эңсегени шай болсун,

Эсен-аман соо болсун!

Бул дастан санжыра жомок 1991 жылы 12-октябрда башталып,

1992-жылы 21- мартында жазылып бүткөн. Бирок ушуга

чейи кайра-кайра алда нечен жолу оңдолду.