Za darmo

Адамдын Асыл ойлору

Tekst
Oznacz jako przeczytane
Czcionka:Mniejsze АаWiększe Aa

* * *

Ар бир кылым өчүп калбас үчүн өзүнүн каарманын жаратып жүрүп отурат.

* * *

Бирөөгө каалоо сөзүң чын жүрөгүңөн чыкса, ал керемет роман.

* * *

Биз өзүбүздүн адабиятыбыздын канчалык деңгээлде өнүккөнүн билиш үчүн, башка элдин залкарларын тынбай окуп, үйрөнүп, билишибиз керек.

* * *

Көз жаш менен чөптүн бетиндеги шүүдүрүмдүн тамчысынын айырмасы асман менен жердей, адамдын көз жашы кайгыдан жаралса, ал эми чөптүн бетиндеги шүүдүрүм сулуулуктун рух романтикасынан жаралган.

* * *

Ар бир улуттун улуу байлыгы, өлбөс мурас руху анын эне тилинде жашап кала берет.

* * *

Турмуш адамды тарбиялайт. Турмушту көрүп адам өз оордун табат. Бул жащоонун өлбөс сабагы.

* * *

Маданияттын жок кылып бараткан эл, өзүн жок кылып баратканга тете.

* * *

Тоо башына бат эле жетсек дейбиз, бирок аралык өтө алыс. Адамдар кыялданып жакшы турмушка бат эле жетсек дешет, бирок аралык дагы эле алыс.

* * *

Өнүккөн эл башка элдин алдында өнүп-өскөн жолу менен сыймыктанат.

* * *

Биз мыйзамга баш ийебиз, соттун мыйзамына баш ийгенге караганда жүрөктүн мыйзамына баш ийүү кубанычтуу. Анткени ал ысык жүрөктөгү чындыктын өзүнөн жаралган.

* * *

Менин өткөн өмүрүм убакыт, ал убакытты кандай

пайдаландым ал – тагдырым.

* * *

Дүйнө жөнөкөйлүктөн куралган, ошол үчүн ал бизге кооз жана көркөм үлгүлүү.

* * *

Балдарды жалгандыкка да, чындыкка да үйрөткөн чоңдор болот.

* * *

Көлчүктөн карып калган өңүмү карап турдум. Ал киши мени, мен ал кишини жаштыгың кайда деп аяп, турдум.

* * *

Жаман иш жасап жатканда, кудай бизди көрүп турат деген ойго келсек, анда биз аны жасабайт элек. Өзүбүздүн абийирибиз карап турат десек анда да тартынат элек.

* * *

Кеч күүгүмдө карт теректердин шуудурап турганы, күз келди деген элес эле. Биз дагы бир жылга картайдык деген белги эле.

* * *

Баардык улуу ачылыштар адамдын эмгегинен түзүлгөн. Бирок алар биз сыяктуу эле жөнөкөй адамдардын колунан түзүлгөн.

* * *

Элинин рухун өнүктүрүүнү биринчи койгон элде сөзсүз жан -дүйнө рухунун өнүгүүсү болот.

* * *

Тынымсыз изденүү болбогон жерде, жакшы эмгек деле болгон эмес. Ошондуктан ойлогон максат ишке, ашкан эмес.

* * *

Шаттык, кубаныч каякта десем, ал биздин турмушубуз, эмгегибиз, күнүмдүк жашообузда эле аралашып жүрүптүр.

* * *

Эмне үчүн, улуу адамдар жан-дүйнө, рух дейт. Анткени тарбиянын башталмасы ошол тарапта экен. Жакшы жашоо бизге ошол жактан келет экен.

* * *

Мугалимдер балдарга тарбия бердик дешет анын жыйынтыгы окуучулардын жүрүм-турумунан жана билиминен билсек болот.

* * *

Айыгышып, элдешкис чыр чатак болгон жерден эмнени күтөбүз. Жакшылыктыбы же жамандыктыбы? Деги эмнени күтөбүз?

* * *

Ушак жыландын уусунан да жаман. Жыландын уусу дары. Ушак дары эмес. Ошол үчүн жаман.

* * *

Балам атасынын сөзүн угуп жакшы жигит болгон. Менин кудайдан да, баламан да, күткөнүм ошол болгон.

* * *

Күнөөнү кечирим кылуу адамкерчилик. Бирок күнөөкөр адам аны толук түшүнүп жатабы? Иштин аягы ошол жакта..

* * *

Заман оор кезде миң эсе кайрымдуу болгула!

Анткени өтө жакыр адамдар көбөйүп кетти. Жакырчыдыкты кантип жоготобуз деп хандын да, элдин да башы катып жатат.

* * *

Күн салкындап, күз келгенде «Өмүргө күз келди», – дедик. Ак кар жаап, кыш келгенде «Өмүргө кыш келди», – дедик. Кош айтышып, сапар кеткендер «Өмүрдөн өтүп кет-

тик», – деди.

* * *

Өмүр, жашоо сонун мейкиндик, жан үрөп эмгектенсең ал мейкиндиктин ажары ачылып чыга келет.

* * *

Таң агарып келатат. Адамдар сапар жолго чыгалы! Таттуу үмүттөн кечигип калбайлы! Баарынан артта калбайлы!

* * *

Кулпу үйдү коргойт. Жоокер чек араны коргойт. Падыша жалпы элинин тагдырын коргойт.

* * *

Эмне үчүн сен өзүңдү бактысыз дейсиң. Сага бакыт кушу бир да жолу конгон жок беле?

* * *

Көк алманы жесең анда темир бар, темир сөөктүч чыңайт, Сөөк адамдын ден соолугун чыңайт.Ден соолук адамдын мындан аркы өмүрүн бекемдейт.

* * *

Бай адамдын март экендигин анын берешендиги аныктайт.

* * *

Ойлогондун баары эле аткарылат деш да кыйын, келечекте чоң максатка жетиш андан бетер кыйын.

* * *

Утуу же утулуп калуу, бул турмушуңда сабак. Улуу адамдар ошондон чоң үлгү алып кыйла жеңиштерге жеткен. Демек утуу, утулуу тарбияга чоң сабак.

* * *

Жымжырттык ойлонууга чакырат. Ой болгон жерде иштин алдыга жылышы жымжырттыктан болгон.

* * *

Баардык пенде өзүн акылдуумун дейт, анда акылсыз иштер эмне үчүн жаралып, жана бизге кезигип. жатат?

* * *

Бийликте турган адамга мактануунун деле кереги жок, ал артыкча нерсе. Анткени аны эл мактасын. Ошол көрүнүш бизге керек.

* * *

Өзүңү таштап кеткен досту эске салып деле кереги жок. Анткени жоголгон нерсени эстегенден пайда жок.

* * *

Төрөлбөй калган адамдарга жакшы, алар жер үстүндөгү жаман пенделерден кордук көргөн жок. Көзү өтүп кеткен адамдарга да жакшы, алар кыйынчылык, азаптан кутулуп кетишти. Бирок алардын оордуна тирүү жашап жаткан адамдардын кээ бири азап-тосокторду жана кубанычты көрүп жатат.

* * *

Ой толкун сыяктуу буркан-шаркан түшкөн элес. Ал ошонусу менен улуу жана кайталангыс.

* * *

Ата-эненин карызынан мен да кутулган эмесмин. Атам да, . анын атасы да кутула алган эмес.

* * *

Ата-энең тирүүсүндө сага бир башкача көрүнөт. Көзү өтүп кеткенден кийин такыр башкача армандуу көрүнөт.

* * *

Адамдардын көпчүлүгү айтат:

– «Мен кайра төрөлсөм, турмушумду такыр башкача жол менен баштайт элем», – демек, алар өткөн өмүрүнө анча ыраазы болбой калган адамдар экен.

* * *

Жан дүйнөсү, руху бай адам өсүп турган гүлдөн көптөгөн кооздукту көрөт. Ал эми жан дүйнөсү, руху жарды адам гүлдөн жөн эле бир өсүмдүктү көрөт.

* * *

Ойго батып талаада жалгыз дарак өсүп турат. Эгер тили болсо, ойлонуп отуруп, ал улуу акылманга айланганы турат.

* * *

Баягы эле ишти иштей берүү ал ойдогу көрүнүш. Эми ошол ишке бир жаңылык киргизүү ал таптакыр жаңы көрүнүш.

* * *

Көчмөндөр акылман болгон. Алар улуу Алла Тааланы карап кыял-чабытын өстүрүп, улуу Эпос Манасты жараткан. Эпос бүткүл ааламга кыргыздын өчпөс даңазасын тараткан.

* * *

Чыдамдуулукту, күтө билүү – туруктуулуктун башталган жери дешти карыялар.

* * *

Сулуулук адамга бир берилүүчү көрүнүш, бирок аны сактай билүү ал дагы башкача жаңы көрүнүш.

* * *

Адамдар коштошуп жатышты:

– Аман бол, кайрымдуулар, ар дайым ушундай жакшы жүрүп, көңүлүңөр куунак болсун,

– Силер дагы кайыр кошкула, жакшы адамдардан дүйнө ушундай кооз жана бактылуу болот.

* * *

Тарбиянын ичинде мелмилдеген сонун жерлери да болот. Гүл каптаган жери – бейиш, бакыт. Отоо чөп каптаган жери – кейиш. Анда тарбия бейиш менен кейиштин ортосунунда турган

турмушпу ия?

* * *

Мен жаратылышты коргосом, жаратылыш мени коргойт.. Жаратылышты коргогон адамды кудай коргойт. Ошентип, алар бири-бирин коргойт.

* * *

Жолочу жол улап баратат, аты ташыркады атка жаман, андан дагы ат үстүндөгү жолочуга жаман.

* * *

Улуу акын бир эле китеби менен элге таанымал, күкүк бир эле ыры менен дүйнөгө таанымал.

* * *

Начар тарбиядагы жаштар жакшыларды бузуп жатат.

Алар жакшыны эле бузбай, коомубузду бузуп жатат.

* * *

Адамдын өткөн өмүрүнүн баары сабак, ийгилиги,

жаңылыштыгы да баарынан мурун өзүнө жана өзгөлөргө

чоң сабак.

* * *

Атам өлгөндө аталык мээримден ажырап калдым. Энем өлгөндө энелик мээримден ажырап калдым. Экөө тең өлгөндө алардын мээриминен ажырап томолой жетим калдым.

* * *

Эң кыйын нерсе баланы тарбиялоо, андан да кыйын нерсе анын келечегин ойлоо.

* * *

Кагаздагы сөздү айтып жаздыргандай баланын тарбиясы диктант эмес, аны тарбиялоо ажайып сырларды түшүндүрүп, турмуш чындыгына жеткирип ынандыруу.

* * *

Коомдун бузулушу көптөгөн жаш муундардын шал оорусуна алып келет. Шал оорусуна эле алап келбей, алардын турмушунун бузулушуна алып келет.

* * *

Отоо чөп гүл бакчага көрксүздүктү жаратат, жаман тарбия балага ар кандай коодун сулуулугунун бузулушун жаратат.

* * *

Кушта эки канат болот. Поэзияда көркөмдүк жана ой эки канаттын кызматын аткарат.

* * *

Балага аябай көп акыл насаат айтылган жерде аз эле жылыштар болушу ыктымал. Карандай көп насааттан көрө, аз эле кеңештен тарбияны оңошу ыктымал.

* * *

Көз ирмемде түбөлүктүү нерселер чечилиши мүмкүн.

* * *

Биздин жашообуз өткөн жана азыркы анан келечектеги

учурдан турат. Демек биз үч учурда туруп өтүп кетебиз

* * *

Мен дүйнөдөгү көп ажайып сонун кооз нерселерди

түшүнбөйм аны түшүнүүгө, өмүрүм же убпктым кыйгач кеткен.

* * *

Чындык жылаңач төрөлдү, ошондо анын чындык экенин билдик. Жалган оронуп чулганып, денесин көрсөтпөй төрөлдү.

Биз анын чындык же жалган экенин билбей шектендик.

Оронуп-, чулганып бетин жашырганынан шектендик.

* * *

Элдин байлыгын бөлүп алган тирандар карсылдашып, бири-бирин өлтүрүшүп согушуп жатты. Ошол күнү бир жардынын үйүндө той салтанат болуп жатты.

* * *

Кышында күн менен түндүн аралыгы алыс. Өлүм менен өмүрдүн аралыгы дагы алыс. Жакшылык менен жамандыктын аралыгы андан бетер алыс.

 

* * *

Кара койдон ак козу туулат. Ак койдон кара козу туулат. Жакшы атадан жаман уул туулат. Жамандан жакшы туулат. Тагдырга туш келсе ылганбай баары туулат.

* * *

Чукулда жеңиш болот деген жүрөгүмөн кабар угулат. Бул жакшы көрүнүш. Ал жаңылыкты күткөн сезим. Ошол тараптан жакшылыкка жетели деген куштун канат каккан шыбырты угулат.

* * *

Сүйүү болгон жерде эки көз дайыма жолугат. Ал көңүлдүн эң терең жериндеги ырахат. Эгерде экөөнүн ортосунда мындай сезим болбосо, эки көз эмнеге жолугат?

* * *

Адамдар сонун күндөрүн боштукта өткөрүп жатат.

Ошол боштук өмүрдү жокко чыгарып жатат.

* * *

Түшүмдө кой маарап, а жылкылар кишенеп, бай өрөөн-

гө жеттим. Өткөн жаштык учурума түшүмдө жеттим.

* * *

Таалайлуу эмгекчил адамдар келечектен үмүт үзбөгөн сыяктуу бакыттан да үмүт үзбөйт, алар жакшылыктын келээрин билет. Бакыттын өңү кандай болоорун ошолор көргөн, ошолор билет.

* * *

Чындык болгон жерге калп жолобойт. Калп жолосо, ал чындыктан коркуп отуруп, кара чачы агараарын билип жатам. Бирок калптын башындагы чачы акпы, же карабы ошону билбей жатам.

* * *

Түшүмдө астымда чөл созулуп жатыптыр. Ойгонуп кетсем оорулуу жүрөгүм от болуп күйүп чөлгө айланып жатыптыр.

* * *

Жөнөкөй пенде өз өмүрүн өз китебин түзүп кетет. Анын баары өзү үчүн жана өз үй-бүлөсү үчүн.

* * *

Жаманды, жакшыны акылың менен тааны,

Анан акылың аркылуу түбөлүк өчпөс жашоону тааны.

* * *

Жаз келатат деген кабарды куштар алып барат. Элге жакшы кабарды чабарман алып барат. Кара чабарман катуу баратат. Ал эмнеден кабар алып баратат?

* * *

Өнөр учуп жүргөн жандуу куш, жандуу куш болбосо, биздин жүрөгүбүз мынчалык толкумак эмес.

* * *

Канаты сынып калган кушту көрдүм. Асманда кайкып уча албаган кыраанды көрдүм. Аягында барып-барып эле арманды көрдүм.

Бирөөнүн жакшылыгын унутпа! Унутсаң адилеттик жоголот! Адилеттик менен кошо адамкерчилик жоголот!

* * *

Ар бир пендеге акыйкат менен чындык таандык. Акыйкатты жашооңдо канчалык деңгээлде ала жүрдүң ал ар бир адамдын өз абийири.

* * *

Жакшылыктын баардыгы акыл -эстен жаралган. Акыл- эс түбөлүктүүлүктөн жаралган.

* * *

Бардык сонундукту жакшы адамдар таратат. Асыл нерселер башка жүрөктөргө өтүп кубанычты таратат.

* * *

Башкаларды бактысыздыкка алып келгенден корком.

Алар бактысыз жашап жүргөнүн көргөндөн андан бетер корком.

* * *

Карышкырдан качып кутулган койдун демин басыш бир топ, Капага баткан адамды кубантыш дагы бир топ.

* * *

Эртеңкисин ойлобой никеге бараткан жаштардан эмнени күтөбүз. Алардан биз көп нерсени үмтөтпөдүк беле? Бирок

ойлонбой никеге бараткандардан деле бакытты күтө берсе деле болот..

* * *

Жакшы үй-бүлөдө баардык сонун нерселер жатат.

Биз үлгү алып, үйрөнүүчү кереметтер жатат.

* * *

Таланттуу адамдар жөнөкөй адамдар сезбей турган нерселерди сезип, байкалбаган кубулуштарды байкап, көрүнбөгөн нерселерди көрүп турат.

* * *

Буга чейин таң атып, күн чыгып, кайта кеч кирген анан түн болгон. Мындан кийин деле убакыт ошондой боло берет. Мындан мурун деле ошондой болуп келген.

* * *

Кудай ак менен караны айырмалап койгон, чындык менен жалганды да айырмалап койгон. Ак жагында жашап жүрөсүңбү же каралыкта жашап жүрөсүңбү? Аныңы да адамдар эчак зле дааналап койгон.

* * *

Жакшы көз караш, эстүү жүрүм-турум болгон жерде жакшы иштер башталат. Андан угумдуу ырлар жаралып, бактылуу окуялар башталат.

* * *

Тарбиялуу балдардан ата-эненин жүзү көрүнөт. Ата-энеден мурун ал балдардан келечектин жүзү көрүнөт.

* * *

Тарбия – бул күндүн нуру жана жылуулук. Аны мугалимдер, ата-энелер анан коомчулук жаратат. Ошол сонун тарбия элибизге эчен сонун адамдарды жаратат.

* * *

Баш-аягы жок иштерди иштебейли, башы жок иштин

аягы такыр жок болот.

* * *

Жакшы өтүп кеткен достук кайра келбестиги менен армандуу.

* * *

–Тоонун суусу кайда шашып баратасың?

– Деңизге шашып баратам

– Ал жактан эмне жаратасың ?

– Деңиз менен деңиз болуп, улуулукту, сулуулукту, өлбөстүктү жаратам.

* * *

Көл – жомок. Көлдөгү күн нуру – кенен мейкиндик. Учуп жүргөн ак чардактар, сүзүп жүргөн балыктар – ыр, анын баары сүйкүмдүү жаратылыш.

* * *

Өткөн өмүрдөн жыйынтык чыгара албаган адамдын келечеги кандай бир бүдөмүк тартып турат.

* * *

Кээ бир адамдар армандуу балалыгын кейиш менен эскерет. Балалыгы армандуу өтсө да аны баары бир эскерет.

* * *

Өнүгө албай жеи ичкичтик каптаган журттун эли бир нерседен шекшинет. Баарынан мурун жетекчилери ойго батып, баарынан көбүрөөк шекшинет.

* * *

Балдарга тарбиянын сонун кеңешин мугалимдер жана ата-энелер тарабынан айтылды. Ал эми жакшы иштеген мугалимдерге ырахмат эл-журт тарабынан айтылды.

* * *

Баланы тарбиялоо келечекке жаңы багыт, жаңы жол ачып берүүнү камтыйт. Жаңы жол тарбияда татаал нерсени ичине камтыйт.

* * *

Асыл кеңеш болгон жерде, жакшы жүрүм-турум

калыптанаарына ишендик. Жакшы жүрүм-турум жакшы тарбия болооруна дагы ишендик.

* * *

Мугалимдердин балдарга боорукерлиги жакшы нерсе, ал балдарды коргоп, ындынын өчрбөй алдыга кайраттантып турат.

* * *

Адамдарга поэзия жана проза өтө керек. Поэзия адамдардын жан дүйнөсүн сулуулук, назиктикке бөлөп, ар кандай ыпылас нерседен сактап турат. Ал эми проза адамдарды токтоолук, сабырдуулук,жан дүйнөнүн ички бекемдигин коргоп турат.,

* * *

Ата-эненин жана мугалимдердин алдында баланын жан дүйнөсүндө жакшылыктын ойгонуп келе жатышы, болочокку ийгиликтин ойгонуп келе жатышы.

* * *

Баланы урматтасаң ал сени урматтайт. Ошол арада чыныгы тарбия жаралып, бизди эл урматтайт.

* * *

Баланы коркутуп тарбиялап жаткан жерде, жакшы көрүнүш өкүм сүрбөй коркунуч жашап турат. Коркунучтан тарбия оңуна келбей кыйгачтап турат.

* * *

Баатырдыктын каршы жагында коркоктук турат.

* * *

Ак ниет, жакшы акыл-эс, жаркын өмүргө айланат. Жаркын жашоо жүрүп-жүрүп отуруп бакытка айланат.

* * *

Тоодон алыстап кеткен сайын кооз дүйнөмөн, өткөн балалыгыман алыстап кеткендей болгом. Жакшы нерсем артымда калып жаткандай болгон.

* * *

Үрүл-бүрүл кеч келе жатат. Толкуп жаткан көл тынч, куштар тынч, адамдар да тынч, демек жан дүйнөбүз, жаратылыш энебиз баары тынч.

* * *

Жакшы адамдын өлгөнү арман, анын жакшылыгын эстөө дагы арман. Бирок ошол жакшылыкты унутпай эстеп жүрүү арман эмес.

* * *

Бийлик менен талант эч убакытта ат салыша албайт.

Бийлик убактылуу көрүнүш. Талант түбөлүктүү көрүнүш.

Демек экөө эки башка көрүнүш.

* * *

Жакшы күндүн өткөнүнө өкүндүм, балалык күндүн өткөнүнө өкүндүм, баары өтүп, карылыкка жеткениме өкүндүм.

* * *

Түн ичинде балалыгым өткөн жайлоого баратам, кичинекей жүрөгүмө сагынычты салып баратам. Баарынан мурун, карт жүрөгүмдөгү түндөй уюуган сагынычты аткан таң менен жазайын деп баратам.

* * *

Чоң тоюңа бүт тамыр тааныштарың келип, жалгыз бир тууганың келбей калса, сенин бүткүл оюң ошол жалгыз тууганыңа бөлүнүп туруп алат. Тигилердин баарынын келиши бир тең, жалгыз тууганыңын келбей кадганы да бир тең.

* * *

Кыраакы адамдар биз көрбөгөн нерсени көрүп турат. Алар пенделердин оюнда эмнелер бар дал ошону көрүп турат.

***

Жиптин башы бар, аягы бар. Эки жагын улаган орто жери бар.

Жашоонун башы бар, аягы бар, орто жерин улаган түгөнбөгөн ыры бар.

* * *

Буракандап аккан суу майда булактан куралаарын биле жүрөлүк. Таланттуу эмгек кичине эле иштен куралаарын биле жүрөлүк.

Адам үчүн эң сонун нерселер сүйүүдөн куралаарын дагы биле жүрөлүк.

* * *

Адамдын адамга кылган жакшылыгы эч убакта унутулбайт. Унутулса, ал жаман. Демек жакшылык унутулбайт.

* * *

Жашоодо эмне арман, эмне кубаныч аны көптү көргөн карыдан сураганы баратабыз.

* * *

Адамдын кемчилигин кайта-кайта айта берүү зыяндуу, бир нерсени кечке чукуй берген зыяндуу, келечеги жок жолду баскан зыяндуу.

* * *

Жаман иштин өңү кара болот. Жакшы иштин өңү ак болот. Кара менен актын ортосунда айырма чоң болот.

* * *

Жашоодо жалгыз адамдын адашканын кечирип жатабыз. Ал

Эми жалпы элди адаштырган ханды, кечире албай жатабыз.

* * *

Улуу адамдар деле үй-бүлөсүн, өз курсагын тойгузуш үчүн эмгектенет.

* * *

Элди баккан адам деле кара жанын багыш үчүн эмгектенет,.А эмне үчүн элдин байлыгын жеген жетекчи адам жалгы өзү, үй –бүлөсү үчүн эмгектенет?

* * *

Сүйүп иштеген эмгегиң бир жыргал, ал жыргалда таланттын татымы болсо андан бетер жыргал.

* * *

Жайкы күн өзгөрүлмө, улам-улам убада берген адам өзгөрүлмө, элине баркы жок адам өзгөрүлмө.

* * *

Бизде китеп бар, бизде байлык бар, бизде рухий дөөлөт бар. Булар болсо, биздин жан дүйнөбүздө баары бар.

* * *

Аябай боорукер адамды аясак болот, анткени анын жүрөгү өтө назик.

* * *

Шакирт менен устаттын жаны тынбай эмгектенсе, алар бир сонун нерсени жараткаыны жатат.

* * *

Талант соолбос казына, ал миңдеген байлыктардан артык. Жана керек болсо, өмүрдөн да артык.

* * *

Мен эмнеге ишенем, келечегиме ишенем, келечегим эмнеге ишенет, соолбос-байлыгым улуу эмгегиме ишенет.

* * *

Жардылыктан корккон адам эмгектенип, байлыкка умтулат. Байлык бардар жашоого умтулат.

* * *

Сүйлөгөн да пайдалуу, тыңшаган да пайдалуу, көп тыңшап аз сүйлөгөн андан бетер пайдалуу.

* * *

Башкаларга чагым нерсе ойлобо, ойлоонун өзү эле жаман.

Жаман нерсе баарынан жаман. Ал сени жек көргөзгөнү жаман

* * *

Талааны өзгөртүп, каражат таптык.

Адамдын жан дүйнөсүн өзгөртүп, бакыт таптык. Ошентип, биз баарын таптык.

* * *

Байлыгыңа карап дос болгон адам, байлыгың түгөнгөн күнү куйругун түйүп жоголот. Өзү эмес караан көлөкөсү да кошо жоголот.

* * *

Улуу акылмандуулук ашкере ойчулдук, ага бардык эле адамдар жете бербейт. Жетсе бул дүйндө мындан бетер бактылуу болмокпуз.

* * *

Баардык адамдарды бир катарга коюш өтө жаңылыштык.

* * *

Жомоктордо бакыт, бактысыздык жөнүндө көп айтылат. Чынында экөөн тең эле адам баласы өзү жаратат.

* * *

Бир адамдын кайгысы бүткүл элди кайгыртса, ал жөнөкөй кайгы болгон эмес.

* * *

Суу төмөндөн жол издейт. Түтүн жогорудан жол издейт. Ал эми кор болгон адам кайсы жактан жол издейт?

* * *

Аркы жээктеги гүлдөп турган талантты көрүп турганыбыз бакыт. Ошол аркы жээктеги, гүлдөгөн талантты берки жээктеги элге, алып келе албай жатканыбыз арман.

* * *

Жакырчылыктан оңоло албаган эл жалгыз. Ал жерге тийип турган күн жалгыз, ай да, жалгыз. аягында баары эле жалгыз. Баса ошол элди оңдой албаган эл башчы жалгыз.

* * *

Эл жана адамдар жөнүндө айтылат, баары жүрүп-жүрүп отуруп эле жашоонун өлбөстүгү жөнүндө айтылат.

* * *

Адамдын үрөйүн алган чоң өрт, кичинекей эле учкундан тутанган.

* * *

Суунун үнүн угуп, өмүрдүн уланышын сезип жатабыз, биз бул дүйнөдөн өтсөк дагы жашоонун токтобосун билип жатабыз.

* * *

Балта отунду жарыш үчүн жаралган, отун күйүп, тамак бышырыш үчүн жаралган. Демек, ар бир нерсе өз кызматын аткарыш үчүн жаралган.

* * *

Дүйнөдө эмне өкүнүчтүү десем, жакшы өтүп кеткен күндөр өкүнүчтүү экен. Анткени, ал кайра келбейт экен. Келсе да дал ошол калыбында келбейт экен.

* * *

Жайлоодогу калып калган очогубузду карап, ошол очоктун жанында өткөн күндөрүбүздү эстегибиз келди. Ошол очокту жаккан энекебизди эстегибиз келди.

* * *

Бир жылда үч жүз алтымыш беш күн бар, бири-бирине окшош өткөн күндөр эсте калбайт, бири-бирине окшобогон күндөр адамдын эсинде түбөлүк калат.

* * *

Адамдардын баардыгы көрүнүш үчүн бакылдап сүйлөп жатат. Алардын арасында бир гана адам сүйлөбөй ойлонуп отурат. Демек ошол маданияттуу жана акылдуу пенде. Ал сүйлөсө такыр башкача сүйлөйт.

* * *

 

Адамдын рухунун, жан дүйнөсүнүн оңолушу анын денесиндеги бардык кубулуштун оңолушу.

* * *

Бийлик адилеттүүлүгү менен жагымдуу, өмүрдүн уланыпы жагымдуу, жакшы күндөр өчпөстүгү менен жагымдуу.

* * *

Чөлдө чаңкап суусап келаткан жолочунун эсине, өзү өскөн салкын тоосунун мөлтүр булагы оюна келиптир.

* * *

Адам бар же жок. Бар болсо, жашап жатат деген белги.

Жок болсо, жашоодон өтүп кетти деген белги.

* * *

Эч ким бара албаган, эч ким чыга албаган, жерде улуу ачылыштар бар. Андай жерге улуу адамдар гана аттанат.

* * *

Ээн талаага койдун корголу калат, жакшы өткөн адамдын артында жакшылыгы калат, эч нерсе иштебей кеткен адамдын артында эмне калат?

* * *

Жалгыз дарак жалгыздыгы менен армандуу, анын жанына башка дарактын өспөй калганы армандуу, аны карап турган адам дагы армандуу.

* * *

Арабыздан жакшы адам келбес жакка кетти, ал өзү кетпей, жакшылыгын бизге таштап кетти.

* * *

Шаар ичинде сайраган куштун үнүнө караганда, чөлдүү жерде сайраган куштун үнү мукам. Анткени ал өзүн эркин сезип, добушун жагымдуу мукам чыгарат.

* * *

Сүйүү бул таза нерсе, ал булганыч жерде жаралбайт.

Булганыч жерден, ал булганып калат.

* * *

Ызы-чуудан чарчаган адам жымжырттыкка умтулат.

Аялы чанган эркек жакшы аялга умтулат.

Жардылыктан чарчаган адам байлыкка умтулат.

* * *

Турмушта комедия, драма, трагедия өтө көп болуп келген. Жашоо ошонусу менен армандуу жана кубанычтуу. Анан адам баласы ошондой чыгарманы аралап жашайт. Турмуштун өзү деле жазыла элек чыгарма.

* * *

Адам кандай болсо анын сүйлөгөн сөзү ошондой, сөз адамдын акылы менен анын ойлонуусунан жаралган керемет. Сөз эч убакта кармалбайт. Кереметтин учкуну көңүлдө гана кармалат.

* * *

Өзү өскөн жерине батпай калган күнөөлүү адамга, үйү да тар болот. Ага кенен көчөсү да, тар болот. Көчөсү эмес бүткүл айылы тар болот.

* * *

Күн алыс, бирок анын чачкан жарыгы биздин жүрөгүбүзгө жакын. Жалганга караганда чындык адамга жакын.

Алыскы жылдыздарга караганда ай жерге жакын.

* * *

Жакшы сонун жасалган буюм кичинекей эле болот. Ал ошонусу менен көркөмдүккө бөлөнгөн.

* * *

Талаанын турмушун өскөн шыбак айтып берет.

Тоодо өткөн турмушту койчу айтып берет.

Аты өлүп, талаада калган жолочу, башындагы арманын айтып берет. Кыскасы айтылбай калган нерсе болбоду.

* * *

Кытайдан качып келген Алманбет баатырдын арманы жалпы кыргыздарга сабак. Кыргыздар өз баатырын батырбай башка жакка качырса, ал андан бетер сабак.

* * *

Жакшы өнүккөн өлкөдө жакшы жаңылык бар, а өнүгө албаган жакыр өлкөдө эмне жаңылык бар?

* * *

Көз жаштын артында оор тагдыр жатат.

* * *

Сапар келип тоодогу таш короону көрдүм, Ата-бабамдын жашоосун көрдүм, анан өзүмдүн балалыгымды ккошо көрдүм.

* * *

Асыл ойдун касиети тоодой ойду ичине батыргандыгында, Тоодой ойдун улуулугу анын тереңдигинде.

* * *

Мээримдүүлүк менен достук болгон жерде сөзсүз бир жакшы нерсе башталат. Ар кандай сонун иштер бизге ошол жактан келип турат.

* * *

Чындык оңго, жалган солго кетти. Баардык китептеги жомок ошондой башталып, ушундай бүткөн.

* * *

Жек көрүү, арам саноо, көрө албастык жүрөгүмө кайдан келди, аны дагы изилдейин, жаркын үмүт, жакшылык, берешендик, кенендик жүрөгүмө кайдан келди, муну дагы изилдейин.

* * *

Мен ага эчтеке деген жокмун, ал мага бир нерсе айткан жок, биз үнсүз сөзсүз гана коштоштук…

* * *

Макоого менин айтканым түшүнүксүз, анын мага айтканы түшүнүксүз, экөөбүз үчүн бул дүйнөнүн баары түшүнүксүз

* * *

Элет жер. Бир гана куштар, бир гана тынчтык

– Куштар кандай жашооңор жакшыбы?, – дедим.

– Жакшы биз тынчтыкта жашап жатабыз, – дешти.

– Тынчтыгыңарга береке берсин силер тынч болсоңор биз да тынчпыз, – дедим.

* * *

Бир кары айтты:

– Бүтүндөй өмүрүм тоодо мал багуу менен өттү. Досум-жамгыр, иним-шамал, кошунам-туман, өлөң төшөгүм, асман менен жер. Ырчыларым: Бороон менен албууттанган дайранын үнү болгон, – деди. Ошол менин өмүр бою мал багып өткөн атам экен.

* * *

Кел жагымсыз жаман нерсени сүйлөбөй, жагымдуу бир жакшы нерсени ойлонуп отуралы!

* * *

Жаманчылыкты билбей туруп жаңылган адам күнөөлү эмес, билип туруп ошого барган адам күнөөлү.

* * *

Чындыкты айтса, жалгыз адамдын сүйлөгөн сөзү да оорундуу, миң адамдын атынан бир жалгыз адамдын сүйлөгөн сөзү да, андан бетер орундуу.

* * *

Бала энесин түшүндө көрсө, ал сагынычтын элеси, суук кышта жаздын жаркын элесин түшүндө көргөн, ал үшүгөндүктүн элеси.

* * *

Үшүгөн адам «Отун кайда?»-дейт, ачка адам «Тамак кайда?»– дейт, элинин каары жанып, жаалданган журттун эл башчысы «Тынчтык кайда?» дейт.

* * *

Бир жөнөкөй адамга жакшылык кылсаң жалгыз адам сүйүнөт, бир үй-бүлөгө жакшылык кылсаң ата – энеси сүйүнөт, жалпы элге жакшылык кылсаң журт атасы менен кудай сүйүнөт.

* * *

Улуу адамдын тиги дүйнөгө узап кетиши ошол элге келген жетимчилик.

* * *

Күндүн чыгышын токтото албадык, залим ханга каршы элдин толкунун токтото албадык, мезгилдин өтүшүн дагы токтото албадык.

* * *

Чынчыл киши өлгөн, бирок анын жүрөгүндөгү чындык өлгөн эмес.

* * *

Терезеден кирген желден эшик ачылат, пендеге жакшылык чачсаң ал адамдын жан дүйнөсү сага карай ачылат, өнөрдү барктап бааласаң сага таланттын эшиги ачылат.

* * *

Билгенимен билбегеним көп экен, айтканыман айта элегим көп экен, көрбөгөнүмөн көрө элегим арбын экен.

* * *

Жалган атак-даңктан көрө көзү өткөн жакшы адамды эстеген убак улуу, жалгыз бир адамдын чирип жаткан байлыгынан көрө, маңдай тер менен тапкан бир сындырым нан улуу, курк-курк эткен кузгундун үнүн уккандан көрө, булбулдун бир кайрыгын уккан улуу.

* * *

Өз элинин эсебинен байып алган хан, хан эмес ал жөн эле жеп ичкич дүйнөкор адамдын сөлөкөтү.

* * *

Соо убакка караганда оору оор, топуракка караганда таш оор, байлыгың жакшы, жардыга жокчулук оор.

* * *

Кыштын ызгаарынан жаздын жели жумшак, жан ооруткан орой сөздөн, назик сөз жумшак, жокчулук күнгө караганда, бапыраган барчылык жумшак.

* * *

Атанын батасынан айрылган жаман, эненин батасынан айрылган андан бетер жаман, баарынан кудайдын батасынан айрылган өтө жаман.

* * *

Жакыр өлкөнүн эли атты: « Президентибиз бизди талап-тоноп алып качып кетти»– деп арызданышты. Анда ал өлкөнүн эли да байкуш, эли шайлап алган президенти да байкуш, жакырчылыктын өзү деле байкуш.

* * *

Жашоодо жакшы адамдардан сабак алалы, таза тунуктукту тоо суусунан сузуп алалы, өмүрүбүздүн кемчилдигин, өткөн күнүбүздү таразалап андан сабак алалы.

* * *

Көп элдин эсебинен бир ууч адамдардын шаң-шарапат курган жыргалы, жалпы журт үчүн накта тозок.

* * *

Жазуучунун улуу китепти жазганы кубаныч, аны жарыкка чыгарган сүрөөнчүнүн иши андан бетер кубаныч, окуучу ошол китепти окуп жыргалга батканы баарынан кубаныч.

* * *

Бир жетекчинин адашканы тозок, ал эми ошонун кесепетинен миңдеген адамдардын адашканы накта азаптуу окуя.

* * *

Акылмандын оюу кайда умтулат, бийиктин бийигине, тереңдин тереңине, ошол үчүн ал-акылман.

* * *

Мен күч кубаттуу болсом, үй-бүлөм күч кубаттуу болот, үй-бүлөм күч кубаттуу болсо, элим күч кубаттуу болот. Элим кубаттуу болсо, заманам күч кубаттуу болот. Заманамын күч кубаттуулугу мекенимин күч кубаттуулугу.

* * *

Асыл жарга айтуучу сөз бар, жакшы доско айтуучу сөз бар. Эч кимге айтпай, жүрөктө сактап жүрүүчү сөз да бар.

* * *

Адам катуу кайгыга жолугаарда кирпик кагып, көз ирмебейт, арманды күтөт. Бирок, күндү, абаны, тоону, сууну, жакшы адамдарды көрүп туруп жакшылыктан жардам күтөт.

* * *

Мен жакшы адамдарды карап туруп, жакшылык кайдан келгенин билдим. Жакшылык кандай жүрөктөн жаралаарын дагы билдим.

* * *

Эзүү, каар менен башталган бийликтин учурунда жашаганыбызды эстей жүрөлүк, ошол бийликтин кандай бүткөнүн да унутпай эстей жүрөлүк.

* * *

Доор алмашканда алдамчы жетекчилер туйтунат. Жан бакты соодагерлер туйтунат. Бийликке жан тарткан алдамчылар туйтунат.

* * *

Коом өзгөрүдгөндө баара өзгөрөт. Адамдардын турмушу кошо өзгөрүдөт. Адамдар сак болгула! Ушул кезде байкабай жаман жетекчини шайлап албагыла! Жашооңор шал оорусуна кабылат. Сак болгула!

* * *

Бирөө президент болуп шайланганда «Ленинге окшош акылман жакшы сүйлөгөн киши экен»– деп кубанганбыз,Өлкөнү талап-тоноп, элди жакырчылыкка отургузуп качып кетеерин билбей эле мактай берипбиз.

* * *

Кээ бир куштардын ыры бир эле кайрыктан турса, булбулдун ыры миң кайрыктан турат. Аны башкалардан айырмалап турган алтын сапаты ошол.

* * *

Бизде бир журтту башкарган киши өзүнүн аялын гений атады.Экинчиси баласын гений деди.. Алардын элди бийлеп жүрүп, генийлик менен жаралган Манас эпосун окуп чыкканына шегим бар. Манас эпосун билсе, элдин улуу генийлигин тааныса ушундай айтмак эмес.Генийлик журттун байлыгын талап алган буюм эмес. Бул улуу атакты эд берет.

* * *

* * *

Ар дайым адилет, ак сүйлөгөн адамда бир жакшы баш-

талыш болгон.

* * *

Жакшы адам болуу өзүңдөн, жаман адам болуу дагы өзүңдөн. Кыскасы, баардыгы эле өзүңдөн.

* * *

Бирөөгө кылган жакшылыгың эч убакта кирдебейт, жакшылык бул – кир жукпас асыл нерсе, же бир гүлдесте.

* * *

Улуу адамдар өздөрүн жөнөкөй пенделер менен катар көрөт. Демек, жөнөкөйлүк баардык пендени бирдей көрөт.

* * *

Таз жору бийликке келип элдин башына каран түн түштү. Таз жорунун артынан, балта жутаар жорулар, кузгундар, сагызгандар, каргалар жана башкалар учуп жүрүштү.. Эл тонолуп жакыр болуп, айласын таппай калышты. Ошентип журт кыйнала баштады. Элдин колунда таптаган итедгилери, барчындары,кыргый,шумкарлары бар эле. Бир акылмандын колунда кыраан бүркүтү бар болчу.

Акылман:

– Кагылайын кыраан бүркүтүм, мен сени эддин керегине жарасын леп таптагам, Сен эми асманга уч, сенин колдоор жөлөгүң бар, элдин крегине жара деп,-акылман бүркүттү асманга учурду.

Ошондо анын артынан ителги, барчындар, кыргыйлар калбай учуп, таз жлруну, карга кузгундарды ыргыта тээп асман тазарды. Эл акыры эркиндикке жетиптир.

Бул окуя жомокто эмес кадимки эле биздин турмушта болуп өтүптүр.

* * *

Жакшы жүрүм-турумдуу адамдар башкаларга бакыт чачат. Аларга жооп кылып жакшылыкты кайра өзүңө чачат.

* * *

Дүйнөдөн кайткан адам жаман эмес, аны жамандап, ушактап жаткан биз жаман окшойбуз.

* * *

Карааны калдайган бай туугандарың бар экен. Бирок башыңа кырсык келгенде жардамы аз экен. Калдайган караанда кайрат, кубаныч жок экен. Көлөкөдө жашаган элес экен

* * *

Сыйлаган адамга да ыраазыбыз, сый көргөн пендеге да ыраазыбыз, кыскасы кыргыздын сый салтына ыраазыбыз.

* * *

Жакшылыкты көзүң көрөт, айтылган сонун кабарды кулагың угат. Булардын баарына жүрөк кургур кубанат.

* * *

Адамдын жан дүйнөсү оңолмоюн, эч убакта өзү оңолбойт. Кеп оролу ошол жан щүнөдө жатат.

* * *

Сынчылар жакшы китеп жазып кеткен таланттарды эскерсин.Адамдар көзү өтүп кеткен ата-энелерин эскерсин, Пенделер өтүп кеткен досторун эскерсин. Чыныгы жакшы нерселео эскерилбей унут калбасын.

* * *

Начар адамдар бактылуу күндө дос болгон, Кыйынчылык башка келгенде ажырашып жок болгон.